Тоо-кен тармагы — экономиканын маанилүү тармагы
06-апрель 2026, 16:36
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Геологдор күнүн салтанаттуу белгиледи. Бул кесиптик майрам жыл сайын апрель айынын биринчи жекшембисинде белгиленет.
Иш-чараны министр Акыл Токтобаев ачып, тармактын адистерин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктады.
«Геология — бул жер казынасы тууралуу илим гана эмес. Бул — өлкөбүздүн экономикалык туруктуулугунун негизи, өнөр жай өсүшүнүн жана Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүгүүсүнүн өзөгү. Дал сиздердин эмгегиңиздердин аркасында жаңы кендер ачылып, ресурстук база түзүлүп, жумуш орундар пайда болуп, мамлекеттин энергетикалык жана чийки заттык коопсуздугу камсыздалат», — деп белгиледи министр.
Ал тоо-кен тармагынын өлкө экономикасына кошкон олуттуу салымын өзгөчө баса белгиледи:
«тоо кен тармагынын ички дүң продукциядагы үлүшү 12,6%га чейин жетсе, өнөр жай өндүрүшүндөгү үлүшү 46%дан ашат. Минералдык чийки затты жана тоо-кен продукциясын экспорттоо өлкөгө түшкөн валюталык кирешелердин олуттуу бөлүгүн түзөт. Бул — геологдордун, инженерлердин, изилдөөчүлөрдүн жана тармактагы бардык адистердин көп жылдык эмгегинин айкын көрсөткүчү».
Министрдин өз сөзүндө , акыркы 5 жыл ичинде тоо-кен ишканалары республикалык бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөшкөн. Анын ичинен 78,2 миллиард сом «Кумтөр» ишканасына туура келип, ал өлкөдөгү ири салык төлөөчүлөрдүн бири болуп саналат.
Кыргызстан критикалык минералдарга, коргошунга, алюминийге жана көмүргө бай. Бирок негизги пайдалуу кен — алтын бойдон калууда. Өткөн жылы 26 тонна алтын казылып алынган жана жакынкы жылдары өндүрүш көлөмүнүн өсүшү күтүлүүдө. Ошондой эле лицензияларды кармоо үчүн төлөмдөрдөн, ар кандай бонус жана социалдык төлөмдөрдөн бюджетке түшкөн каражаттардын туруктуу өсүшү байкалууда.
Иш-чаранын алкагында тармактын кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. «Ак ниет кызматы үчүн» төш белгилери, кызматташтык үчүн медалдар, ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен министрликтин жана Кыргыз геологиялык кызматынын ардагерлери, кызматкерлери жана адистери сыйланышты.
Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.