Кыргызстандагы шаарлар климаттык пландаштыруудан практикалык аракеттерге өтүүдө

Чүй өрөөнү
Кыргызстандагы шаарлар климаттык пландаштыруудан практикалык аракеттерге өтүүдө

2025-жылдын 25-ноябрында  — Кыргызстандагы шаарлар климаттык амбицияларды реалдуу аракеттерге айлантууда. Бүгүн Климатык аракеттер боюнча шаарлар форумунда, Глобалдык мэрлер келишими (GCoM), Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Делегациясы, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) тарабынан уюштурулган иш-чарада, жергиликтүү лидерликтин маанилүү жетишкендиги белгиленди: өлкөнүн 21 муниципалитети Глобалдык мэрлер келишимине кошулуп, УДАС 3.0 алкагында өзүнүн климаттык аракеттер планы (CAPs) менен чыгышты.

Иш-чарага улуттук жана жергиликтүү мамлекеттик органдар, эл аралык өнөктөштөр жана каржы институттары катышып, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас жана Токмок шаарлары үчүн алты комплекстүү климаттык аракеттер планынын иштелип чыгышын белгиледи. Бул пландар Кыргызстан Республикасынын приоритеттерине жана Париж келишими боюнча Улуттук милдеттенмелерине толук шайкеш келип, УДАС 3.0 аркылуу аныкталган улуттук климаттык максаттарга түздөн-түз салым кошот.

«Биз шаарларды жергиликтүү климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо демилгелерин иштеп чыгууда жана ишке ашырууда колдоого, мониторинг жана отчеттуулук системаларын күчөтүүгө, аялуу жана тобокелдиктерди баалоо механизмдерин иштеп чыгууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз», - деди жаратылыш ресурстары министринин орун басары А. Раимкулова.

Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Элчиси Реми Дюфло өз сөзүндө : «Климаттын өзгөрүшү Кыргызстан үчүн олуттуу чакырыктарды жаратууда — мөңгүлөрдүн эриши, суунун тартыштыгы, жердин деградациясы жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу. Европа Бирлиги Европа жашыл келишимин ишке ашыруу менен глобалдык климаттык аракеттердин алдыңкы сабында турат жана шаарлардын чыгындыны кыскартууда жана климатка ыңгайлашууда ойной турган маанилүү ролун тааныйт. Ишке ашырылып жаткан долбоор Глобалдык мэрлер келишими, БУУӨП жана АӨБ менен өнөктөштүктө Кыргызстандын улуттук климаттык күн тартибине олуттуу түрткү берди. Европа Бирлиги Өкмөт жана өнөктөштөр менен бирге туруктуу жана бейпил келечек куруу үчүн кызматташтыкты улантат».

«АӨБ шаарлардын климаттык туруктуулук муктаждыктарын жана аз көмүртектүү өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн ишенимдүү диагностикалык баалоо аркылуу NDC 3.0 долбоорун иштеп чыгууда маалыматтарга негизделген ыкманы иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте иштегенине сыймыктанат. Бул иш АӨБнын NDC Advance техникалык жардам платформасы аркылуу ишке ашырылууда, ал биздин өнүгүп келе жаткан мүчө өлкөлөрүбүзгө климаттык амбицияларды иш жүзүндө колдонууга мүмкүн болгон жолдорго айландырууга жардам берет. Биздин кызматташтыгыбыз өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы күчтүү координацияны чагылдырат жана шаарлар үчүн Улуттук адаптация планын иштеп чыгуу боюнча Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлиги менен мурда жүргүзүлгөн иштин негизинде курулган пайдубалга негизделген. Биргеликте АӨБ өлкөнүн климатка туруктуу, жашыл жана туруктуу келечек үчүн өнүгүү артыкчылыктарына жетүүсүн колдоого даяр», - деди АӨБнын өлкөлүк директору Чжэн Ву.

Кыргыз Республикасынын УДАС 3.0 иштелип чыгышы улуттук климаттык күн тартибинде маанилүү этап болду. Бул процесс БУУӨПтүн техникалык колдоосу менен Курчап турган чөйрөнү коргоо, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан координацияланып, Өкмөт, бейөкмөт уюмдар, жеке сектор, академиялык чөйрө, БУУ агенттиктери жана эл аралык өнөктөштөрдүн кеңири катышуусу менен ишке ашты. УДАС 3.0 адаптация, “климаттык тобокелдиктерди азайтуу жана адилеттүү өткөөл боюнча ишти күчөтүп, ишке ашырууну, натыйжага багыттоону жана жоопкерчиликти жакшыртып, улуттук амбицияларды жогорулатат. Кийинки кадам — улуттук милдеттенмелерди конкреттүү натыйжаларга айландыруу үчүн секторлор аралык жана тармактык аракеттер планын ишке ашыруу.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева: «УДАС 3.0 шаардык пландаштыруунун маанилүү ролун баса белгилейт жана шаарларды төмөн көмүртектүү, климатка туруктуу өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычтары катары тааныйт. Транспорт, жашыл инфраструктура жана турак-жай секторундагы интеграцияланган пландаштыруу аркылуу шаарлар УДАС 3.0 максаттарына олуттуу салым кошо алышат. УДАС 3.0 аракеттер планы улуттук милдеттенмелерди жергиликтүү чаралар менен шайкеш келтирип, туруктуу, климатка багытталган шаардык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн техникалык жардамды, саясат боюнча кеңештерди жана потенциалды жогорулатуу аракеттерин бириктирет».

УДАС 3.0 менен жергиликтүү климаттык лидерликтин шайкештештирилиши өзгөчө маанилүү, анткени климаттын өзгөрүшүнүн кесепетин биринчи болуп шаарлар жана жергиликтүү жамааттар сезишет жана чечимдерди иштеп чыгууда негизги ролду ойношот — кайра жаралуучу энергияны киргизүүдөн тартып, туруктуу жер пайдалануу жана туруктуулук пландаштырууга чейин. УДАС 3.0 алкагында иштелип чыккан шаардык климаттык аракеттер пландары улуттук приоритеттердин жергиликтүү деңгээлде кандайча ишке ашып жатканын көрсөтөт. Улуттук саясат менен шаардык демилгелердин байланышын бекемдөө климаттык максаттарды жеткиликтүү, адилеттүү жана туруктуу кылат.

Глобалдык мэрлер келишиминин аткаруучу директорунун орун басары Пьеро Ремитти: «Акыркы үч жылда Кыргызстан шаарлары жергиликтүү климаттык лидерлик кандай болорун көрсөтүштү — амбициялуу, реалдуу жана жергиликтүү муктаждыктарга негизделген климаттык аракеттер пландарын иштеп чыгуу менен. Бул аракеттер шаарлардын даярдыгын далилдейт, жана мындан аркы колдоонун негизинде алар региондогу жашыл өтүүнүн лидерлерине айланышы мүмкүн».

«Пландоодон аракетке — жергиликтүү климаттык лидерлик» аталышындагы форум ошондой эле муниципалитеттер, улуттук институттар — Климаттык каржылоонун улуттук борбору жана АРИС — жана эл аралык өнөктөштөр арасындагы кызматташтыктын улантылганын көрсөттү.