Мамлекеттик кызматкерлерге — үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу: маалыматтуулук, колдоо, зомбулукка каршы туруунун мааниси
27-июнь 2025, 13:40
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте кызматкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун темасы — үй-бүлөлүк зомбулук. Буга себеп — кооптуу статистика, ар биринин артында оор кайгы, коркуу жана унчукпай жашаган чыныгы окуялар турат.
Иш-чаранын алкагында чыныгы окуяларга негизделген социалдык ролик көрсөтүлдү. Бул ролик катышуучуларга жакынкы чөйрөдө жардамга муктаж адамдар болушу мүмкүн экенин эске салды. Ошондой эле, зомбулукка каршы аракеттенүү механизмдери, колдоо кызматтары тууралуу маалымат берилди жана унчукпай коюу — чечим эмес экендигин белгилешти..
«Зомбулук үй-бүлөдө да, коомдо да кадимки көрүнүш болбошу керек», — дешет укук коргоо органдарынын өкүлдөрү.
Министрлик кайдыгер болбоого чакырат. Эгер сиз зомбулукка күбө же өзүңүз жапа чеккен болсоңуз — унчукпай койбоңуз. Жардам сураңыз. Абалды бирге гана өзгөртө алабыз.