Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу

Чүй өрөөнү
Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу
Франциялык экспедициядан уникалдуу фото-материалдар 📸


ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк жаратылыш мурастарынын тизмесине кирген Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында Франция мамлекетинен келген жаратылыш сүйүүчүлөрдүн тобу – “Wildlife Expeditions Kyrgyzstan” – экспедициялык иш-чаранын жүрүшүндө коруктун аймагында байырлаган жапайы жаныбарлардын жана өзгөчө корголгон аймактын жаратылышы боюнча баалуу фото-материалдар менен бөлүшүштү.


Батыш Тянь-Шандын жаратылышы өзүнүн биологиялык ар түрдүүлүгү, сейрек кездешүүчү фауна жана флоранын түрлөрү, өзгөчө кооз тоолуу ландшафттары менен келген коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратып, терең таасир калтырды. 


Экспедициянын катышуучулары аймактын жапайы жаныбарларынын табигый жүрүм-туруму, экосистемалардын сакталгандыгы жана коруктун  уникалдуу биоэкологиялык мааниси тууралуу жогорку баасын беришти.


Корук администрациясы экотуризмдин жогорку стандарттарына ылайык фото жана видео экспедицияларды өткөрүү, жаратылышты аяр мамиле менен кабыл алуу маданиятын жайылтуу, жапайы жаратылышты таануу жана илимий мониторинг системаларын өркүндөтүү багытындагы иштерди мындан ары да улантаарын белгилейт.


Бул кызматташуу – эл аралык деңгээлде жаратылышты коргоо иштерин чыңдоого, экологиялык маданиятты жайылтууга жана Кыргызстандагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын дүйнөгө таанытууга чоң салым кошот.