К. Базарбаев атындагы «Каратал-Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коругу Россия Федерациясынын «Заповедники» экологиялык-агартуу борбору менен биргеликте «Каратал» жана «Соң-Көл» тилкелеринде комплекстүү экспедициялык изилдөөлөрдү жүргүзүштү
14-июль 2026, 14:26
Чүй өрөөнү
К. Базарбаев атындагы «Каратал-Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коругу Россия Федерациясынын «Заповедники» экологиялык-агартуу борбору менен биргеликте «Каратал» жана «Соң-Көл» тилкелеринде комплекстүү экспедициялык изилдөөлөрдү жүргүзүштү.
Эки өлкөнүн адистеринин биргелешкен ишинин негизги максаты токой жана суу-саз экосистемаларындагы канаттуулардын түрдүк курамын изилдөө, алардын санын аныктоо жана жашоо чөйрөсүнүн абалына баа берүү болду.
Талаа изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө орнитологдор бекитилген маршруттар боюнча мониторинг жүргүзүп, канаттууларды каттоого алышты. Ошондой эле алардын уя салган аймактарын, эс алуу жайларын аныктап, сейрек кездешүүчү жана коргоого алынган түрлөр боюнча актуалдуу маалыматтарды топтошту.
Жыйынтыгында алынган материалдар орнитофаунага узак мөөнөттүү мониторинг жүргүзүүгө, келечектеги илимий изилдөөлөрдү пландаштырууга жана жаратылышты коргоо боюнча натыйжалуу иш-чараларды ишке ашырууга маанилүү илимий негиз болот.
Мындай биргелешкен долбоорлор эл аралык илимий кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну чыңдоо менен катар, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого олуттуу салым кошот.