Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасы — Кыргызстандын катуу пайдалуу кендерин геологиялык чалгындоо иштерин лабораториялык-аналитикалык жактан камсыз кылган жалгыз мамлекеттик лаборатория

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасы — Кыргызстандын катуу пайдалуу кендерин геологиялык чалгындоо иштерин лабораториялык-аналитикалык жактан камсыз кылган жалгыз мамлекеттик лаборатория

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасы — Кыргызстандын катуу пайдалуу кендерин геологиялык чалгындоо иштерин лабораториялык-аналитикалык жактан камсыз кылган жалгыз мамлекеттик лаборатория. Лабораториянын тарыхы 1940-жылдан башталат жана өлкөнүн бардык негизги кен чыккан жерлери боюнча аналитикалык изилдөөлөрдүн негизги көлөмүн жүргүзүп келет.

2025-жылдын март айында лабораториянын техникалык базасы жаңыланып, анализдерди аткаруу жана жыйынтыктарды чыгарып берүү ыкчамдыгы кыйла жогорулаган. Колдонулуп жаткан бардык жабдуулар үзгүлтүксүз текшерүүдөн жана аттестациядан өтүп турат.

Лаборатория пайдалуу кендердин заттык курамын аныктоо жана талдоо, рудалар менен концентраттарга инспекциялык көзөмөл жүргүзүү, геологиялык чалгындоо иштеринин сапатын тышкы баалоо, ошондой эле лабораториялар аралык салыштырма сыноолорду өткөрүү боюнча кызматтардын толук спектрин аткарат. Мындан тышкары, жаңы талдоо методикаларын иштеп чыгуу жана аттестациялоо, ошондой эле өлкөнүн негизги кен чыккан жерлери боюнча стандарттык үлгүлөрдү түзүү иштери жүргүзүлөт.

Лаборатория геологиялык чалгындоо иштерин аналитикалык камсыздоонун улуттук системасын мындан ары да чыңдоону улантып, заманбап талдоо ыкмаларын киргизүү жана изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу багытында иш алып бара бермекчи.