«Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 9 айында утилдештирүү жыйымынан 342 млн 417,2 миң сом чогултту

Чүй өрөөнү
«Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 9 айында утилдештирүү жыйымынан 342 млн 417,2 миң сом чогултту

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 9 айында утилдештирүү жыйымынан 342 млн 417,2 миң сом чогултту.

2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттын көлөмү 214 млн 411,3 миң сомго көбөйгөн.

Төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, төлөмдөрдүн өз убагында түшүшүн камсыз кылуу жана карыздарды өндүрүү боюнча иштер Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте улантылууда.

«Эко Оператор» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасында утилдештирүү жыйымын алуу жана өндүрүүчүлөр менен импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча иштерди улантат.

Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №322 токтомуна ылайык, керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө тийиш болгон товарлардын жана товарлардын таңгактарынын 24 тобунун тизмеси бекитилген.


Кыргыз Республикасынын аймагына аталган топторго кирген товарларды импорттоодо, ошондой эле тиешелүү продукцияны өндүрүүдө өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги чөйрөсүндө белгиленген талаптарды, анын ичинде утилдештирүү жыйымын белгиленген тартипте өз убагында төлөө талаптарын сактоо зарыл. Утилдештирүү жыйымын төлөө тартиби жана анын ставкалары Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген