Мальта жарандары жапайы жаныбарларды мыйзамсыз ташып чыгууга аракет кылышкан
22-апрель 2025, 14:09

Бишкек, 2025-жылдын 4-апрели — «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын аймагынан жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган Мальта Республикасынын беш жараны кармалды.
Кармоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды контролдоо бөлүмүнүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан биргелешкен ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жүргүзүлгөн.
Натыйжада мыйзам бузгандар кармалып, андан ары териштирүү үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп берилди.
Кармалгандарга карата төмөнкүдөй административдик протоколдор түзүлдү:
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 262-беренеси боюнча 5 административдик протокол — «Жаныбарлар дүйнөсүнүн мыйзамсыз алынган объектилерин ташып чыгуу, ташуу, сактоо жана сатуу»;
- 261-берененин 2-бөлүгү боюнча 3 административдик протокол — «Нерест боло турган жерлерде же миграциялык жолдордо жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз аңчылык же кармоо».
Кесепетинде салынган айып пулдардын жалпы суммасы 180 000 сомду түздү.
Мындан тышкары, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды контролдоо бөлүмү тарабынан 270 000 сом өлчөмүндө экологиялык зыян үчүн доо коюлду. Иш боюнча бардык материалдар мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.