Аймактардагы маалыматтык иштер

Баткен өрөөнү
Аймактардагы маалыматтык иштер

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги аймактардагы маалыматтык кампаниянын экинчи күнү   Баткен областынын  Кызыл-Кыя шаарында  уланды.  


Атмосфералык абаны коргоо боюнча Кызыл-Кыя  шаарындагы социалдык мекемелерде абанын булгануусун алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарындагы Үч-Коргон   айыл өкмөтүнө караштуу  таштанды жайынын абалы менен таанышуу иштери жүргүзүлдү. 


Аталган таштанды жайына жалпысынан 42,500 миң калктын таштандылары келишимдин негизинде төгүлөт. Ар-бир абонент бир айга 30сом төлөйт. Керектелүүчү талаптардан: таштанды жайынын жер участогу трансформацияланган, тосмолору жок, кароолчу тарабынан кайтарылат. Эскертүү белгилер коюлган жана жазма буйрук эскертмелери Министрликтин Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан  берилген. 


Иш-чаранын алкагында таштанды жайы курчалбагындыгы, айлана-чѳйрѳнү коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталбагындыгы аныкталды.  Ал маселе жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан эске алынып, маселени жакынкы аралыкта чечүүгѳ убада беришти. Эки жылдын аралыгында аталган таштанды жайын, жергиликтүү бийлик менен биргеликте жер маселесин чечип, калктуу пунктардан алысыраак жайгаштыруу пландаштырылганы айтылды. 


Кызыл-Кыя шаарынын Кыргыз жылуулук ишканасында ЧГТОлор кароого алынды, келе жаткан күз-кыш жылытуу мезгилине карата аталган жабдыкты инструменталдык  текшерүүдөн өткөрүп атмосферага булгоочу заттарды чыгарууну минималдаштыруу иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди. Белгилей кетсек Кызы-Кыя ЖЭБи жылытуу мезгилинде 40-45 тонна көмүрдү бир күндө жагат. 


Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан 13 орто мектеп жана 14 бала-бакчага ЧГТОлор орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан Кызыл-Кыя шаарында ишмердүүлүгү абага булгоочу заттарды байланышкан субъектилердин жалпы саны 49.