Ак-Суу капчыгайындагы мыйзамсыз мергенчилик боюнча маалымат

Чүй өрөөнү
Ак-Суу капчыгайындагы мыйзамсыз мергенчилик боюнча маалымат

Ак-Суу капчыгайындагы мыйзамсыз мергенчилик боюнча маалымат 

2025-жылдын 29-октябрында саат 10:00 чамасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгына Ак-Суу капчыгайынын кире беришиндеги “Мин-Токум” коктусунун жанында, токой тилкесинин боюнда күмүш түстөгү “Toyota Avensis” үлгүсүндөгү автоунаа кыргоол атып, тоо тарапка жөнөп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

 Маалыматтын негизинде башкармалыктын кызматкерлери окуя болгон жерге чыгып, тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган автоунаа ошол аймакта ГЭС куруу иштерин жүргүзүп жаткан бригадирге таандык экени аныкталды. Ал өз түшүндүрмөсүндө “мен бул жакка бирөөнү таштап кеткем” деп билдирген

Жетекчилиги менен байланышкан учурда, алар өз жумушчуларында ок атуучу курал жок экенин жана окуяга тиешеси жоктугун маалымдашкан. Бул факты боюнча Чүй регионалдык башкармалыгы Москва райондук ички иштер бөлүмүнө кат жөнөтүп, окуяга катышы бар жарандардын өздүгүн тактоо жана мыйзам чегинде чара көрүү боюнча жардам көрсөтүүнү суранууда.