Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча 2023-жылдын январь-август айларындагы айыптар боюнча маалымат

Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча 2023-жылдын январь-август айларындагы айыптар боюнча маалымат

2023-жылдын январь – август айларында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Ысык - Көл облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактабагандыгы үчүн 822 500 сом суммасында административдик айып пул салынган, анын ичинен азыркы мезгилге 627 500 сом төлөнгөн, мындан тышкары айлана-чөйрөгө жалпы суммасы 3 610 372 сом зыян келтиргендиги үчүн 57 доо коюлуп -1 139 345 сом өндүрүлгөн.

Анын ичинде 300 500 сомго ишкердик субъекттилердин тазалоочу курулмаларды натыйжасыз иштетилгендиги үчүн айып жана 1 140 409 сомго  9 доо коюлган.

Ошондой эле браконьерликке каршы рейддик иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз орнотулган 35 600 метр синтетикалык балык кармоочу торлор табылып, алар механикалык жолу менен жараксыз абалга келтирилип, санкцияланган таштанды таштоочу жайларга ташталды.