Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында таштандыларды мыйзамсыз өрттөө фактысы аныкталды.
23-сентябрь 2026, 12:35
Чүй өрөөнү
Тактап айтканда, Дмитриевка айылында Ишеналы Арабаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин аймагында жалпы республикалык ишембилик өткөрүү учурунда топтолгон таштандыларды мыйзамсыз өрттөө фактысы катталган.
Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, мектептин жетекчилигине таштандыларды өрттөөгө жол бербөө, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.