Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан пландуу текшерүүнүн негизинде Кант шаарынын “Кант-Тазалык” ишканасынын автотранспорттору текшерилди
23-июль 2026, 13:44
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан пландуу текшерүүнүн негизинде Кант шаарынын “Кант-Тазалык” ишканасынын автотранспорттору текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында атмосфералык абаны коргоо жаатында мыйзам талаптарын бузуу фактысы аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинt ылайык протокол түзүлүп 46 000 сом айып салынды.
Ошондой эле, Кант шаарынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде Октябрь революциясынын 50 жылдыгы көчөсүндө ташталган таштандылар боюнча жеринде көзөмөл жүргүзүлдү.
Аталган факты боюнча Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаардык мэриясына караштуу Кант-Тазалык мекемесине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык протокол түзүлүп, жалпы суммасы 17 000 (он жети миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жыйынтыгында Кант шаардык мэриясынын "Кант-Тазалык" мекемеси тарабынан тазаланууда.