Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык кызматындагы Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Кара-Кулжа районунун аймагында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
20-август 2026, 12:10
Рейддин жүрүшүндө Кара-Дарыя дарыясынын жээгинде эки жаран тарабынан кум-шагыл аралашмасын тиешелүү уруксатсыз, өз билемдик менен казып алуу фактысы аныкталды.
Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, ар бир жаранга 13 миң сомдон, жалпы 26 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Мындан тышкары, инспекторлор тарабынан жарандарга жер казынасын пайдаланууда мыйзамда белгиленген талаптарды сактоо, жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Министрлик жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол берилбестигин белгилеп, мыйзам талаптарын сактоого чакырат. Ошондой эле мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча рейддик жана көзөмөл иш-чаралары мындан ары да улантылат.