Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысын аныкташты. Натыйжада, 95 миң сомдон ашык өлчөмдө доо коюлуп, ал дароо өндүрүлдү
17-июль 2026, 09:15
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысын аныкташты. Натыйжада, 95 миң сомдон ашык өлчөмдө доо коюлуп, ал дароо өндүрүлдү.
Аныкталган факты боюнча мыйзам бузууга жол берген Ивановка айылынын тургунуна өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирген зыяны үчүн 95 369,88 сом өлчөмүндө бааланган.
Муну менен бирге, айыптуу жаранга жаратылышты коргоо жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары мыйзамсыз бак-дарактарды кыюуга жол бербөө тууралуу эскертүү берилди.