Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддик иш-чара Жаркынбаево, Орукту жана Чоң Орукту айылдарынын аймагында жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган 500 метрге жакын эски кытай синтетикалык торлор суудан чыгарылды.

Мындай синтетикалык торлор суудагы биологиялык ресурстарга олуттуу зыян келтирип, балыктардын жана башка суу жаныбарларынын кырылышына алып келиши мүмкүн.

Ысык-Көлдүн биологиялык ресурстарын коргоо, мыйзамсыз балык уулоого жол бербөө жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында рейддик иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз улантылат.