Жаратылыш ресурстары министрлигинин инспекторлору аттракциондордун ээлерине эскертүүлөрдү тапшырышты

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинин инспекторлору аттракциондордун ээлерине эскертүүлөрдү тапшырышты

Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан жайкы сезонго карата аттракциондорду пайдалануу учурунда аларды коопсуз иштетүү боюнча билдирүүлөрдү жеткирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында Бишкек шаарынын аттракциондорунун негизги бөлүгү топтолгон Фламинго паркына эскертүүлөр берилди. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги токтомун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.