Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу «Ак-Моюн» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана Көл-Суу, Көк-Кыя участкаларында туризм тармагында иш алып барган жарандар менен биргеликте аймактарды таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүштү

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу «Ак-Моюн» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана Көл-Суу, Көк-Кыя участкаларында туризм тармагында иш алып барган жарандар менен биргеликте аймактарды таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Мындай тазалык иш-чаралары Көл-Суу көлүнүн жээгинде мезгил-мезгили менен уюштурулуп, аймактын санитардык абалын жакшыртууга жана жаратылышты таза сактоого багытталган.

Тазалоо иштерине жергиликтүү тургундардын жана туризм тармагында иш алып барган жарандардын активдүү катышуусу жаратылышты коргоого жана экологиялык маданиятты жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Көл-Суу көлүндөгү таштандылар тууралуу баяндалган маалыматтар тараган. Белгилүү болгондой, буга аймакта акыркы үч күндө тынымсыз жааган жамгырдан улам көлдүн деңгээли көтөрүлүп, таштандылардын көл аймагына сүрүлүп келгендиги себеп болгон.