Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Жайыл жана Панфилов райондорунда, ошондой эле Кара-Балта капчыгайында мыйзамсыз балык уулоо, мыйзамсыз аңчылык кылуу жана жайытка автотранспорт менен мыйзамсыз кирүү фактылары аныкталды
24-июнь 2026, 09:00
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Жайыл жана Панфилов райондорунда, ошондой эле Кара-Балта капчыгайында мыйзамсыз балык уулоо, мыйзамсыз аңчылык кылуу жана жайытка автотранспорт менен мыйзамсыз кирүү фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, мыйзамсыз балык уулоонун 10 фактысы боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылып, ар бирине административдик айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзамсыз аңчылык кылуунун бир фактысы катталып, укук бузуучуга административдик айып пул салынды. Ошондой эле жайыт жерине автотранспорт менен мыйзамсыз кирүүнүн бир фактысы аныкталып, күнөөлүү жаран административдик жоопкерчиликке тартылды.
Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында жалпысынан 10 укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Салынган административдик айып пулдардын жалпы суммасы 25 500 сомду түзгөн.
Ошону менен катар жергиликтүү тургундар, балыкчылар, эс алуучулар жана эс алуу жайларынын ээлери арасында кеңири түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул иштер жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоого, балык ресурстарын жана экологиялык байлыктарды коргоого, балык уулоонун белгиленген эрежелерин аткарууга жана айлана-чөйрөнүн булганышына жол бербөөгө багытталган.