Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ысык-Көл районунун Григорьевка, Кожояр, Семеновка жана Корумду айылдарынын аймагында рейддик иш-чара өткөрүштү

Чүй өрөөнү

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ысык-Көл районунун Григорьевка, Кожояр, Семеновка жана Корумду айылдарынын аймагында рейддик иш-чара өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн жээгинен мыйзамсыз орнотулган 300 метр кытай өндүрүшүндөгү синтетикалык балык уулоочу тор алынып, ошондой эле жээк тилкесинен 30 килограмм тиричилик калдыгы тазаланды.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар арасында балык уулоо эрежелерин сактоо, тыюу салынган синтетикалык торлорду колдонбоо жана жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жаратылыш министрлиги жарандарды айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, суу ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого салым кошууга, ошондой эле жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырат.