Ыссык-Көлдө браконьерликке каршы күрөш күчөтүлүүдө
09-октябрь 2025, 16:15
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ыссык-Көл региондук башкармалыгы менен Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ыссык-Көл региондук башкармалыгынын инспекторлору Ыссык-Көл көлүндөгү браконьерлик фактыларына каршы күрөштү күчөтүүдө.
Учурда министрликтин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө көлдөн мыйзамсыз орнотулган 32 миң метрден ашуун балык уулай турган торлор алынып, жок кылынды.
Ыссык-Көл — өлкөбүздүн эң чоң жаратылыш байлыктарынын бири болуп, өзгөчө биологиялык жана экологиялык мааниге ээ. Анын тазалыгын жана жаратылыш тең салмактуулугун сактоо — мамлекеттин экологиялык саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаратылышты коргоо чараларынын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү жана өлкөнүн суу биоресурстарын сактоо боюнча системалуу иштерди улантат.