Кыргыз Республикасынын муниципалдык тазалоочу курулмаларынын инвентаризациясы
08-декабрь 2025, 18:09
Межведомстволук жумушчу топ өлкө боюнча муниципалдык тазалоочу курулмаларды (ТК) комплекстүү инвентаризациялоо жана алардын ишинин натыйжалуулугун алгачкы баалоо иштерин улантууда. Иштин кезектеги этабында комиссия Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы объектилерге барып, жеринде текшерүүлөрдү жүргүздү.
Нарын облусу
Нарын шаарындагы муниципалдык тазалоочу курулмалар 70–80-жылдары курулуп, азыр авариялык абалда турат. Тазалоонун көпчүлүк технологиялык баскычтары иштебейт, учурда болбогондо да ири бөлүкчөлөрдү кармоочу механикалык тазалоо гана иштеп жатат. «Нарын шаарынын таза суу менен камсыздоосу жана канализациялык системасын реконструкциялоо» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жаңы тазалоочу курулмаларды куруу боюнча контракт түзүү пландалууда. Иштин мөөнөтү — 36 ай, кошумча 24 айдык кепилдик мөөнөтү каралган.
Ысык-Көл облусу
«Ысык-Көлдүн туруктуу өнүгүүсү» долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында эски авариялык объектилер толугу менен бузулуп, заманбап тазалоочу курулмалар активдүү курулууда.
* Каракол шаарында иштердин 80% бүткөрүлдү, аякташы 2026-жылдын июль айына пландалган.
* Чолпон-Атада курулуш 2027-жылдын июль айында толугу менен бүтүрүлөт.
Балыкчы шаарында ушул эле долбоордун алкагында 2022–2024-жылдары жаңы, толук автоматташтырылган тазалоочу курулмалар курулду. Алар ультрафиолеттик зарарсыздандыруу жана жытты нейтралдаштыруу системасы кошулган заманбап технология менен жабдылган. Учурда объект пуско-наладка иштеринен өтүүдө. Тазалоонун деңгээли булгоочу заттардын курамына жараша 85–95%ды түзөт.
Агын суулардын сапатын мониторинг кылуу
Министрликтин экологиялык мониторинг департаменти эски ТКларда — механикалык тазалоо жана тундуруу этаптарына чейин жана андан кийин — агын суулардын абалын жана мүмкүн болгон кошумча булгоону баалоо үчүн суунун үлгүлөрүн алды. Ошондой эле Балыкчы шаарындагы жаңы ТКдан да үлгүлөр алынды.
Межведомстволук жумушчу топтун иши уланууда жана өлкөнүн тазалоочу курулмаларынын абалы боюнча объективдүү картинаны түзүүгө багытталган. Бул сууну тазалоо инфраструктурасын модернизациялоо боюнча натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт.