Министрдин милдетин аткаруучу А.Токтобаев биринчи таанышуу жумушчу жыйын өткөрдү.
17-февраль 2026, 10:23
Чүй өрөөнү
Жолугушуунун жүрүшүндө ведомствонун борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары менен таанышты. Министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү жана иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча актуалдуу маселелер угулду.
Жыйындын аягында министрдин милдетин аткаруучу жакынкы мезгилге карата негизги милдеттерди белгилеп, коюлган максаттарга жетүүдө жамааттын бирдиктүү жана натыйжалуу иш алып баруусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.