Министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев бир катар кендерди кыдырды

Чүй өрөөнү
Министрдин милдетин аткаруучу  А.Сапаралиев бир катар кендерди кыдырды

Министрдин милдетин аткаруучу  А.Сапаралиев бир катар кендерди кыдырды

2024-жылдын 1-августунда геологиялык иштерди активдештирүүнүн жана өнүктүрүүнүн алкагында иштеп жүрүп жаткан же пландаштырылган бир катар объектилерге барды

Жумушчу сапары Чүй облусунун аймагында жайгашкан Ак-Туз кенине баруудан башталды. Ал жерде жүрүп жаткан бир катар иштер менен таанышты. Үлгүлөрдү талдоо боюнча. Ошондой эле бул тармакка бөлүнгөн 1 миллиард сомду өнүктүрүү боюнча алдыдагы масштабдуу иштерди тездетүүнү тапшырды.

Учурда «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы бул жаатта өнүктүрүү үчүн жаңы объекттерди аныктоо иштерин күчөтүүдө.

Бул кен талаасынын калдыктарынын абалына такай мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи

Күндүн экинчи жарымында  Солтон-Сары алтын кенинде, Нарын районундагы Бучук участкасында болду. Ал жерде алтын казуучу комбинаттын курулушу менен таанышты. Жетекчилик менен жолугуп, тез арада чечүүнү талап кылган актуалдуу көйгөйлөрдү билди.

Курулуш иштерин тездетип, кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Аткарылган иштин сапаты биринчи орунда болушу керек, деп белгиледи А.Сапаралиев.

Бардык экологиялык стандарттарды сактоо жана калдыктарды сактоо маселелери курулуш иштеринин негизи болушу керек, деп жыйынтыктады министр.

Ал бул тармакта өлкө жетекчилиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолду. “Инвесторлор үчүн иштөөгө бардык шарттар түзүлгөн” – өлкөбүз динамикалуу өнүгүп, геология тармагы өз салымы боюнча алдыңкы катарда – өнүккөн жана күчтүү өлкө.

Экинчи күнү министр Кумтөр кенине барат.