Министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев металлургдарды кесиптик майрамына куттуктоосу

Чүй өрөөнү
Министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев металлургдарды кесиптик майрамына куттуктоосу

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, Экология жана техникалык көзөмөл  министрлигинин жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар - Металлургдар күнү менен куттуктайм!

Металлургдардын күнү 1957-жылы 28-сентябрда СССР Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы менен белгиленген. Ошентип, Совет екмету Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында, ошондой эле согуштан кийинки жылдарда елкенун эл чарбасын калыбына келтируу мезгилиндеги ата мекендик металлургиянын маанилуу салымын жана синирген эмгегин белгиленип келет.

Биздин өлкөбүз түстүү металлдарга бай. Түстүү металлургия – металлургиянын түстүү металл рудаларын казып алуу, байытуу жана түстүү металлдарды жана алардын эритмелерин эритүү тармагы алдыга жылып келет.  Меттелдарды бөлүп караганда  түстүү металлдар оор жез, коргошун, цинк, калай, никель, жеңил алюминий, титан, магний, майда висмут, кадмий, сурьма, сымап, легирленген вольфрам, молибден, ванадий болуп бөлүнөт. Баалуу алтын, күмүш, платина, сейрек кездешүүчү галлий, германий, индий, цирконий болуп бөлүнөт.

Министрлик тарабынан тоо-кен тармагынын маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп келет. Майрамдын урматына эмгектерин өзгөчө белгилегендер «Ардактуу металлург», «Тармактын ардактуу кызматкери» жана “Ардактуу геолог”  наамдары ыйгарылды. Биз чындап эле бул сыйлык алдыга жылууга, натыйжалуулукка жана ишенимдүү өнүгүүгө чоң түрткү болот деп ишенебиз. 

Бул сыйлыктарга тармактын 30га жакын металлургдары  татыктуу болушту.

Биздин дүйнө металлсыз мүмкүн эмес. Металлургия өнөр жайы ар дайым локомотив катары адилеттүү түрдө эсептелип келген, бул алга карай кыймылда адистердин таланты, чеберчилиги жана күжүрмөн эмгеги, эң татаал техникалык жана өндүрүштүк милдеттерди ийгиликтүү чече билгендигинде деп билебиз.

Металлургдун кесиби күчтүү, эмгекчил, туруктуу адамдардын эмгеги болуп кала берет. Жан аябаган эмгек, чеберчилик жана жоопкерчилик урматтоого жана таанууга татыктуу.

Талыкпаган эмгегиңиздер үчүн рахмат!

Сиздерге чын дилимден асыл ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө болгон ишеним, туруктуулук, чың ден соолук, бакубатчылык жана жеке бакыт каалайм!