Коомчулук менен иштөөнү активдештирүү алкагында министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев өлкөнүн жер казынасын пайдалануучулар менен кеңешме өткөрдү

Чүй өрөөнү
Коомчулук менен иштөөнү активдештирүү алкагында министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев өлкөнүн жер казынасын пайдалануучулар менен кеңешме өткөрдү

Коомчулук менен иштөөнү активдештирүү алкагында министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев өлкөнүн жер казынасын пайдалануучулар менен кеңешме өткөрдү.

«Биз ар бир ишкана жана жаран менен иштешебиз, ар дайым ачык жана кызматташууга даярбыз», - деди министр. Жер казынасын пайдалануучулар экологиялык экспертиза, лицензияларды берүү, жогоруда аталган тармакты санариптештирүү боюнча суроолорду беришти. Алар дарыялардын жер үстүндөгү сууларын пайдалануу үчүн тарифтер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү маселелерин көтөрүштү. Жер казынасын пайдалануучулар аймактарда социалдык программаларды жана долбоорлорду илгерилетүүнүн жана түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Учурдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн министр жер казынасын пайдалануучулардан арыздарды жазуу жүзүндө берүүнү суранды. Ар бир суроо жоопсуз калбайт жана карала турганын белгиледи.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы тоо-кен тармагы өлкө экономикасына салык төлөө түрүндө 35,7 млрд сом, ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 18 млрд сом салым кошкон. Тоо-кен тармагында ар кандай профилдеги 17 миңден ашык адистер иштейт.

Катышуучулар министрге өлкөнүн тоо-кен тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн аянтчаны уюштуруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.