Министр А.Сапаралиев Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, жумушчу жыйын өткөрүп, жарандарды кабыл алды

Чүй өрөөнү
Министр А.Сапаралиев Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, жумушчу жыйын өткөрүп, жарандарды кабыл алды

Министр А.Сапаралиев Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, жумушчу жыйын өткөрүп, жарандарды кабыл алды.

Министрликтин  ишин активдештирүүнүн жана берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруунун алкагында министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев министрдин орун басарларынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, ведомстволордун жана министрликтин борбордук аппаратынын бөлүм башчыларынын катышуусунда жумушчу жыйын өткөрдү.

Анын жүрүшүндө ал «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын көзөмөлдөөнү жана аны чыгарууну күчөтүүнү тапшырды. Учурда берилген 8 миллион көчөттүн 4,8 миллиону отургузулду. Климаттын өзгөрүшү шартында бул компанияны өз убагында аткаруу жана ишке ашыруу абдан маанилүү, экенин баса белгиледи- министр.

Жыйындын  жүрүшүндө геология, полигондор, маалымат иштерин күчөтүү маселелери да талкууланды. 

Ошондой эле, министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.  Жолугушууда тоо-кен тармагынын актуалдуу маселелери, өнүгүү келечеги жана пландары талкууланды. Алар өзгөчө өлкөдө инвестициялык климатты түзүү жана жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

А.Сапаралиев өз кезегинде ардагерлерге жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, алардын тоо-кен тармагын өнүктүрүүдөгү ордун белгиледи. 85 жылдык тарых сиздердин аркаңыздар менен түзүлгөнүн айта кетти. 

Жарандар менен иштөөнү күчөтүүнүн алкагында министр жарандарды кабыл алууну да өткөрдү. Кабыл алууга келген жаран жаратылыш паркын түзүүнү суранып, жалпы биосфералык аймакты жакшыртуу боюнча сунуштарын  айтты.

Жалпысынан биологиялык ар түрдүүлүктү өнүктүрүү маселелери жана бул тармактын учурдагы милдеттери талкууланды.  Жарандарды кабыл алуу ар бейшемби күнү саат 15:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт.