КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев «Илбирс» коомдук фондунун директору менен «Smart» системасы боюнча жолугушуу өткөрдү

Чүй өрөөнү
КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев «Илбирс» коомдук фондунун директору менен «Smart» системасы боюнча жолугушуу  өткөрдү

Жолугушууда бул системанын артыкчылыктары тууралуу сөз болду. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында санариптик технологияларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун алкагында азыркы күндө система 10 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында ишке ашырылган.

SMART (мейкиндиктик мониторинг жана отчеттуулук куралы) – корголуучу аймактардагы рейддерди, биомониторингди жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого байланыштуу башка талаа иштерине мониторинг жүргүзүү жана башкаруу куралы болуп саналат. SMART жапайы жаратылыш жана корголуучу аймактар жөнүндө маалыматтарды чогултууга, сактоого, берүүгө жана баалоого мүмкүндүк берет

Бул системаны киргизүүнүн негизги максаты;

- корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо жана мониторинг системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу;  

- корголуучу жаратылыш аймактарынын маалыматтарын чогултууну жана талдоону санариптештирүү 

 - корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруунун адаптивдик системасын ишке ашыруу 

 - жапайы жаныбарлардын санын эсепке алуу системасын өркүндөтүү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын материалдык-техникалык базасын жогорулатуу болуп саналат.

Министр А.Сапаралиев өз кезегинде системанын камтуу аймактарын кеңейтип, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын бардык объекттерин киргизүү  зарылдыгын белгиледи.  Смарттын ичиндеги аймактар боюнча инспекторлордун милдеттерин бөлүштүрүүнүн пропорционалдуулугун карап чыгууну тапшырды.  Системаны активдештирүү үчүн аны өркүндөтүп, автоматташтырууну сунуштады. Ал министрликтин ишмердүүлүгүнө санариптештирүүнү киргизүүнүн өзгөчө ролун белгиледи.  

Бул системанын өзгөчөлүгү малдын оруларын, мыйзам бузууларды  жана башка көптөгөн функцияларды аныктоодо чоң мааниге ээ.