Министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев Кореядан келген делегация менен жолугушту

Чүй өрөөнү
Министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев Кореядан келген делегация менен жолугушту

2024-жылдын 10-июлунда министрдин милдетин аткаруучу А.А. Сапаралиева Кореядан келген илимий делегациянын мүчөлөрү менен, Өз сөзүндө министр сейрек кездешүүчү металлдар маселелери боюнча өз ара пайдалуу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. 

«Кыргызстандын тоо-кен жана геология тармагы 85 жылдык тарыхка ээ, өлкөбүздүн экономикасынын флагманы болуп саналат жана биз бул тармакта Корей тарап менен кызматташууну түзүүгө жана бекемдөөгө толук даярбыз», - деди А.Сапаралиев.

Өз кезегинде Корей тарап студенттер, адистер менен алмашуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча кыргыз тарап менен тыгыз байланыш түзүүгө кызыкдар экенин билдирди. 

Тараптар технологиядагы бул армактагы инновациялар, жетишкендиктер жана жогорудагы маселелерди чечүү үчүн актуалдуу көйгөйлүү темалар тууралуу ой-бөлүшүштү. 

Кыргыз тарап бул тармактагы эң маанилүү долбоорлорго токтолду.

Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн минералдык ресурстар жана өнөр жай тармактарында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу каалоолорун билдиришти.