Кендерди кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышуунун алкагында А.Сапаралиев Кумтөр кенине барды

Чүй өрөөнү
Кендерди кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышуунун алкагында А.Сапаралиев Кумтөр кенине барды

Жумушчу сапар кендин ишмердүүлүгү тууралуу презентация менен башталып, анда иштин бардык деталдары кеңири түшүндүрүлдү. 

Ошентип, шахтанын иштешин камсыз кылуу үчүн кенди технологиялык изилдөө, көпүрөлөрдү инженердик изилдөөлөр, геологиялык чалгындоо, текшерүү жана бургулоо иштери боюнча өтө чоң масштабдагы иштер аткарылууда.  Тоо-кен техникаларынын паркында кендин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылган 118 техника бар.

Өз кезегинде «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун өндүрүш боюнча вице-президенти Кубанычбек Турдукожоев аткарылып жаткан иштерге токтолду. 

«Алтын өндүрүү бардык экологиялык эрежелерди жана эл аралык стандарттарды сактоо менен жүргүзүлөт. Ошол эле учурда Тоголок долбоорунун алкагында алтынды комплекстүү казып алуу боюнча даярдык иштери активдүү уланууда. К.Турдукожоев белгилегендей, калдык сактоочу жайдагы алтынды кайра иштетүү да биздин пландарыбызда деди. 

Айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү жана сактоо боюнча да олуттуу иштер жүргүзүлүүдө. Токойлорду отургузуу, саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды орнотуу, жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жана көбөйтүү. 

Министр карьерди көрүп, алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын иши менен таанышып, калдык сактоочу жайга барды. Кендеги ишти үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жана күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. “Активдүү иштөө – биздин негизги милдетибиз”, - деп жыйынтыктады министр.