Ишембилик! Субботник!
14-сентябрь 2023, 12:16

Президент Садыр Жапаров 2022 жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” Жарлык ишке ашырылууда.
2023-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалдык кɵзɵмɵл министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилиги астында республикабызда айлана-чɵйрɵнү тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык акцияны ɵткөрɵт.
Акцияга бардык жарандарыбызды кошулуп, кɵчɵлɵрдү, айылдарды, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чакырабыз.
Аталган иш-чара 2022 жылдын 8-октябрында алгачкы жолу ɵткɵрүлүп, 600 тоннадан ашык таштанды чогултулуп, ага 133 508 жаран катышкан.
Бардык таштандылар сорттолуп кайра-иштетүүчү ишканалар тарабынан алынып чыгарылган.
Бул жолку акция дагы жогорудагы алгоритм менен ɵткɵрүлɵт.
Таштандыларды бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка киргизүү, экологиялык маданиятты арттыруу - иш-чаранын башкы максаттары.
Бардык ЖМК өкүлдөрүнөн аталган акцияны активдүү чагылдырууну өтүнөбүз.