Ишембилик! Субботник!

Чүй өрөөнү
Ишембилик! Субботник!

2024-жылдын 20 апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалдык кɵзɵмɵл министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилиги астында республикабызда айлана-чɵйрɵнү тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык акцияны ɵткөрɵт. 

Акцияга бардык жарандарыбызды кошулуп, кɵчɵлɵрдү, айылдарды, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чакырабыз!

Президент Садыр Жапаров 2022 жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” Жарлык ишке ашырылууда.

Бардык таштандылар сорттолуп кайра-иштетүүчү ишканалар тарабынан алынып чыгарылган.

Бул жолку акция дагы жогорудагы алгоритм менен ɵткɵрүлɵт.

Таштандыларды бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка киргизүү, экологиялык маданиятты арттыруу - иш-чаранын башкы максаттары.

Бардык ЖМК өкүлдөрүнөн аталган акцияны активдүү чагылдырууга чакырабыз.