Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз коюлган синтетикалык торлорду аныктоо жана алып чыгуу максатында үч күн катары менен рейддик иш-чаралар өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз коюлган синтетикалык торлорду аныктоо жана алып чыгуу максатында үч күн катары менен рейддик иш-чаралар өткөрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз коюлган синтетикалык торлорду аныктоо жана алып чыгуу максатында үч күн катары менен рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында 11-августта көлдүн акваториясынан 2300 метр эски синтетикалык тор жана 50 кг таштанды чыгарылды. 12-августта 2000 метр эски синтетикалык тор жана 40 кг таштанды, ал эми 13-августта 2500 метр эски синтетикалык тор жана 50 кг таштанды алынды.

Жалпысынан үч күндүн ичинде Ысык-Көлдүн акваториясынан 6800 метр эски синтетикалык тор жана 140 кг таштанды чыгарылды.

Ал эми жыл башынан бери, жети айдын ичинде, Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан көлдүн акваториясынан 24 300 метр синтетикалык тор жана 650 кг таштанды алынган.

Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулуп, Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин азайтууга багытталган.

Мындай рейддик иш-чаралар Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо жана көлдүн биологиялык ресурстарын сактоо максатында туруктуу негизде улантылат.