Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Тоң районунда 13–14-июль күндөрү рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп, анда 4 100 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылды
15-июль 2026, 09:01
Ысык-Көл өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Тоң районунда 13–14-июль күндөрү рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп, анда 4 100 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылды.
Рейддик иш чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзүлгөн.
Иш чара учурунда эскилиги жеткен торлордон сырткары 60 килограмм тиричилик калдыктары табылып, суудан чыгарылып, тазаланды.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын жарым жылдыгында Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Ысык-Көлдө – 79 рейд өткөрүлүп, 35 миң метр синтетикалык тор жана миң килограммга чейин таштанды чыгарылган.
Мындай рейддик иш-чаралар балык ресурстарын сактоо, мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу максатында туруктуу негизде өткөрүлүп келет.