Министрликтин 2025-жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат
11-ноябрь 2025, 11:06
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
Министрликтин 2025-жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат
Негизги багыттар:
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылдын тогуз айындагы ишинин жыйынтыгын чыгаруунун жүрүшүндө төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурулду:
• экологиялык жана жаратылыш ресурстары жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган нормативдик-укуктук ишмердүүлүк;
• парник газдарынын чыгышын азайтуу жана көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү максатында климаттык саясатты ишке ашыруу, тийиштүү концептуалдык документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү;
• жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы административдик жол-жоболордун ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылган «Бирдиктүү терезе» системасын өнүктүрүү;
• экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жыйынтыктары — мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча системалуу иштер.
Климаттык саясатты жана экологиялык көзөмөлдү күчөтүү
Климаттык саясат жаатындагы мыйзамдык база бир кыйла өркүндөтүлдү. Атап айтканда:
• 2040-жылга чейинки экологиялык коопсуздук концепциясы — Кыргыз Республикасынын Президентинин 27-марттагы №105 Жарлыгы менен бекитилген;
• Көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү концепциясы — 3-июлдагы №397 Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген;
• Экология, климат жана «жашыл» экономика маселелери боюнча координациялык кеңеш — 12-августтагы №487 токтом менен түзүлгөн;
• Климаттык каржылоо борборунун жобосуна өзгөртүүлөр — 11-сентябрдагы №579 токтом менен киргизилген;
• Координациялык кеңештин жыйынында климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономика боюнча Үчүнчү улуттук салым (ОНУВ 3.0) жана Тунгуч эки жылдык транспаренттүүлүк отчету БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча рамкалык конвенциясынын (РКИК ООН) алкагында жактырылды.
Экологиялык мониторинг
2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча экологиялык мониторинг жаатындагы иштер 2024-жылга салыштырмалуу кыйла жогорулады.
• 2024-жылдын ушул мезгилинде 1488 үлгү алынган жана 11 240 лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн болсо,
• 2025-жылы 3440 үлгү жана 19 431 лабораториялык изилдөө аткарылган.
Бул көрсөткүчтөрдүн негизинде үлгү алуу көлөмү 131% га, лабораториялык изилдөөлөрдүн саны 73% га өстү.
Учурда заманбап экологиялык мониторинг лабораториясын куруу демилгеси ишке ашырылууда. Бишкек шаарынан тиешелүү жер тилкеси бөлүнүп, бардык юридикалык жана техникалык документтер даярдалган.
Көзөмөл ишмердүүлүгү жана аныкталган мыйзам бузуулар
2025-жылдын тогуз айында 3755 мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 102 млн 851 миң сомду түздү. Анын ичинде:
• атмосфералык аба боюнча — 798 факт, 17 млн 550 миң сом;
• суу ресурстары боюнча — 193 факт, 4 млн 492 миң сом;
• калдыктар боюнча — 587 факт, 8 млн 692 миң сом;
• жер ресурстары боюнча — 337 факт, 39 млн 579 миң сом;
• өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча — 214 факт, 5 млн 635 миң сом;
• жаныбарлар дүйнөсү боюнча — 843 факт, 8 млн 750 миң сом;
• өнөр жай коопсуздугу боюнча — 422 факт, 8 млн 9 миң сом;
• тоо-кен көзөмөлү боюнча — 234 факт, 5 млн 948 миң сом;
• жер алдындагы байлыктарды коргоо боюнча — 127 факт, 4 млн 193 миң сом.
Жалпысынан 3033 материалдын негизинде 72 млн 768 миң сом өндүрүлгөн.
2024-жылга салыштырмалуу мыйзам бузуулар 2015 учурга көбөйүп, келтирилген зыяндын көлөмү 49 млн 194 миң сомго өстү.
«Бирдиктүү терезе» борборунун кызматтары
Министрликтин «Бирдиктүү терезе» борбору аркылуу жарандарга жана ишкерлерге экологиялык жана техникалык көзөмөл жаатында кызматтар көрсөтүлдү.
Жалпы 7996 арыз кабыл алынып, алардын негизинде 2042 уруксат берүүчү документ берилди, анын ичинде:
• 298 лицензия,
• 658 уруксат кагазы,
• 1000 экспертиза,
• 86 эксперттик жыйынтык.
Берилген документтердин тизмеси ар ай сайын министрликтин расмий сайтында жарыяланат.
Документтер өнөр жай коопсуздугу, радиоактивдүү материалдар менен иштөө, жер казынасын пайдалануу жана атмосферага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу тармактарын камтыйт.
Атап айтканда, берилген лицензиялардын ичинен:
• жер казынасын пайдаланууга — 2088 лицензия,
• калдыктарды башкарууга — 31 лицензия,
• өнөр жай коопсуздугу боюнча — 42 лицензия,
• радиоактивдүү материалдар менен иштөөгө — 9 лицензия.
Бул көрсөткүчтөр жаратылыш ресурстарын мыйзамдуу жана жоопкерчиликтүү пайдаланууну камсыз кылуу боюнча системалуу иш жүргүзүлүп жатканын айгинелейт.