2025-жылы Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында аткарылган иштердин жыйынтыгы
16-март 2026, 15:42
Чүй өрөөнү
2025-жылы Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында аткарылган иштердин жыйынтыгы
2025-жылы Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында (ӨКЖА) жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө, ошондой эле жаратылыш ресурстарын сактоого жана калыбына келтирүүгө багытталган экологиялык демилгелерди ишке ашыруу боюнча системалуу иштер жүргүзүлдү.
Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуулар
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ӨКЖА аймактарында жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган 139 факт аныкталган. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1 млн 105 миң 789 сомду түздү.
Анын ичинен:
54 материал боюнча 399 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды;
119 материал боюнча 706 миң 289 сомдук доо арыздар берилди.
Мыйзам бузуулар жаратылыш ресурстарынын түрлөрү боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Суу ресурстары – 7 факт (62 миң 370 сом);
Жер ресурстары – 20 факт (457 миң 825 сом);
Өсүмдүктөр дүйнөсү – 98 факт (460 миң 324 сом);
Жаныбарлар дүйнөсү – 14 факт (125 миң 270 сом).
Материалдарды кароонун жыйынтыгында 78 иш боюнча 578 миң 224 сом өндүрүлдү. Ал эми 527 миң 565 сомдук 61 иш учурда ӨКЖА субъекттеринде каралууда.
«Жашыл мурас» улуттук кампаниясын ишке ашыруу
«Жашыл мурас» улуттук экологиялык кампаниясынын алкагында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жашылдандыруу жана токой экосистемаларын калыбына келтирүү боюнча масштабдуу иштер аткарылды.
2025-жыл ичинде:
Мамлекеттик жаратылыш парктары (МЖП) тарабынан 23,79 га аянтка 16 450 даана токой өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү тигилди.
МЖП аймактарындагы ижарачылар тарабынан жашылдандыруу максатында 15,3 га жерге 8 786 көчөт отургузулду.
Жалпысынан ӨКЖА аймактарында 39,09 га аянтка 25 236 даана көчөт тигилген.
Көчөт питомниктеринин абалы
2025-жылдын күзүндөгү инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик жаратылыш парктарынын 7,1 га аянтындагы питомниктерде 359 316 даана көчөт жана сеянцтар өстүрүлүүдө. Анын ичинен 106 825 даанасы отургузууга жарактуу деп табылды.
Өткөрүлгөн иш-чаралар Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун чыңдоого, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана жаратылыш экосистемаларын калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт.