Жашыл реновация, ички миграция жана абанын сапаты боюнча жыйынтык конференциясы
07-август 2025, 09:02
2025-жылдын 6-августунда Бишкек шаарында «Жашыл реновация, ички миграция жана абанын сапаты: Кыргызстандын туруктуу келечеги үчүн чечимдер» аттуу жыйынтык конференция өттү. Бул иш-чара «Кыргызстанда ички мигранттарды жашыл реновацияга тартууга көмөктөшүү» долбоорунун эки жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды.
Долбоор Бишкек, Ош шаарларын жана өлкөнүн жети облусун камтып, ички мигранттарды энергияны үнөмдөө жана туруктуу турак жай курулушу боюнча мамлекеттик программаларга интеграциялоого көмөк көрсөттү. Үй чарбаларын башкарган аялдарды колдоого, ошондой эле климаттык шарттарга ылайыкташтырылган архитектуралык чечимдерди кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын алкагында өткөн пленардык сессияда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Руслан Мамаюсупов сөз сүйлөдү. Ал белгилегендей, Кыргызстан учурда экологиялык көйгөйлөрдүн өсүшүнө туш болууда.
Абанын булганышы жана климаттын өзгөрүшү — калктын саламаттыгына, экономикасына жана миграциясына түздөн-түз таасир этүүчү олуттуу факторлор. Бул көрүнүштөр бири-бири менен тыгыз байланышта болгондуктан, аларга комплекстүү мамиле жана эл аралык кызматташтык талап кылынат.
Кыргыз Республикасында абанын булганышынын негизги булактары: көмүрдүн күйгүзүлүшү, автоунаалардын түтүнү жана өнөр жай ишканалары. Кыш мезгилинде Бишкек шаары көп учурда абасы эң булганган шаарлардын катарына кирет. Натыйжада: дем алуу органдарынын оорулары көбөйөт, жашоо сапаты төмөндөйт жана климаттык стресс факторлоруна карата алсыздык жогорулайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн абанын сапатын башкаруу жөндөмдүүлүгүн күчөтүү, турак жайларды жылытуу үчүн экологиялык жактан таза чечимдерди илгерилетүү жана шаардык аймактарды жашылдандыруу боюнча чараларды жайылтуу максатында, 2023-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун каржылоо тууралуу макулдашууга кол коюшкан.
Долбоордун алкагында энергияны үнөмдөгөн турак жайлар боюнча улуттук архитектуралык долбоорлор сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аз кабаттуу курулуштар үчүн заманбап, туруктуу чечимдерди сунушташты. Бишкек жана Ош шаарларында 12 үйдө толук «жашыл» реновация жүргүзүлдү: терезе жана эшиктер алмаштырылды, фасаддар жылууландырылды, желдетүү жана электр тармактары жакшыртылды. Жеке курулуш компаниялары оңдоо иштерине өз каражаттарын да кошушту.
Долбоордун маанилүү бөлүгү — окутуу болду: 45 аял-активист жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 140 өкүл энергияны үнөмдөгөн турак жайларды башкаруу боюнча курстардан өтүштү. Орус жана кыргыз тилдеринде подкаст, видео жана макалалар аркылуу жүргүзүлгөн маалыматтык кампания 119 миңден ашуун колдонуучуну камтыды.
Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө да салым кошту. Бизнес өкүлдөрү, профилдик министрликтер жана ассоциациялар үчүн жашыл стандарттарды иш жүзүндө киргизүү боюнча окутуулар уюштурулду.
Конференция мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, жыйынтыктарды талкуулоо жана Кыргызстанда туруктуу курулушту алдыга жылдыруу боюнча мындан аркы кадамдарды аныктоо максатын көздөйт.