Ысык-Көлдүн акваториясынан 400 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды
16-март 2026, 09:28
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жана Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан мыйзамсыз балык уулоого каршы кезектеги рейд жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында, 2026-жылдын 13-мартында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 400 метрди түзгөн эски кытайлык балык уулоочу тор чыгарылды.
Аталган мыйзамсыз балык уулоочу каражаттар көлдүн экосистемасына олуттуу зыян келтирип, балык ресурстарынын азайышына алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу инспекторлор тарабынан мындай мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.