Ысык-Көлдөн 50 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдөн 50 кг таштанды чыгарылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликтин алдын алуу жана суу биоресурстарын коргоо багытында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын аймагындагы көлдүн акваториясынан узундугу 400 метр болгон эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 50 килограмм таштанды чыгарылып алынды.

Белгилей кетсек, сууда калган синтетикалык торлор балыктарга жана башка суу жаныбарларына коркунуч жаратып, көлдүн экосистемасына терс таасирин тийгизет.


Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар улантылат.