Ысык-Көлдүн акваториясынан мыйзамсыз балык уулоочу тор жана 25 кг таштанды чыгарылды
07-сентябрь 2026, 11:44
Ысык-Көл өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Пристань-Пржевальск шаарчасынын аймагындагы Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө болжол менен 100 метр узундуктагы 1 даана эски кытай синтетикалык балык уулоочу тор жана болжол менен 20–25 кг ар кандай таштандылар чыгарылды.
Аталган иш-чара Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу максатында жүргүзүлдү.