Ысык-Көлдүн акваториясынан 600 метрлик мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдүн акваториясынан 600 метрлик мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликтин алдын алуу жана суу биоресурстарын коргоо багытында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө Тоң району жана Балыкчы шаарынын акваториясында эски балык уулоочу торлорду тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада жалпы узундугу 600 метрди түзгөн 6 даана эски балык уулоочу тор суудан чыгарылып алынды.


Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар улантылат.