Ысык-Көлдөн 1,5 чакырым эски синтетикалык тор жана 20 кг таштанды чыгарылды
05-ноябрь 2026, 13:50
Суу биоресурстарын коргоо, браконьерликтин алдын алуу жана көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу максатында 4-ноябрда Ысык-Көл облусунда рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чараны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Тору-Айгыр жана Тамчы айылдарынын акваторияларында жүргүзүштү.
Рейддин жүрүшүндө көлдөн узундугу 1500 метр эски синтетикалык балык уулоочу торлор жана 20 килограмм таштанды чыгарылды.
Белгилей кетсек, көлдө калган эски синтетикалык торлор суу жаныбарлары жана балыктар үчүн коркунуч жаратып, суу экосистемасына терс таасирин тийгизет.
Министрлик тарабынан Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, суу биоресурстарын коргоо жана көлдүн акваториясын таштандылардан тазалоо багытындагы иштер мындан ары да улантылат.