Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды
09-ноябрь 2026, 13:18
К.Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Жумгал районунда, Соң-Көл корук аймагына чектеш жерлерде рейддик иш-чара өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө суу объектилеринен мыйзамсыз салынган 500 метр эски синтетикалык тор чыгарылып алынды.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө өндүрүштүк балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышын камсыз кылуу, суу биоресурстарын коргоо жана көлдөрдүн экологиялык абалын сактоо максатында жүргүзүлүүдө.
Табигый экосистемаларды сактоо, балык ресурстарынын азайышына жол бербөө жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.