Соң-Көлдөн дагы эки километрге жакын мыйзамсыз торлор чыгарылды. Күн мурун ушул эле көлдөн узундугу 2.5 кмге жакын торлор чыгарылган

Чүй өрөөнү
Соң-Көлдөн дагы эки километрге жакын мыйзамсыз торлор чыгарылды. Күн мурун ушул эле көлдөн узундугу 2.5 кмге жакын торлор чыгарылган
Соң-Көлдөн дагы эки километрге жакын мыйзамсыз торлор чыгарылды. Күн мурун ушул эле көлдөн узундугу 2.5 кмге жакын торлор чыгарылган.  


Рейддик иш чаралар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери менен биргеликте өткөрүшкөн.  


Анын жүрүшүндө көлдүн акваториясы кылдат текшерилип, мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлор алынды. Натыйжада суудан болжол 2000 метрге жакын көп убакыт мурун коюлган эски торлор чыккан. Эскилиги жеткен торлор көлдүн экосистемасына олуттуу зыян келтирип, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына себеп болот.


Рейд Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы «Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүнүн экосистемасын сактоо, балык ресурстарынын популяциясын калыбына келтирүү максатында Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өтүп жатат.