Суулардан тонналаган таштанды жана 46 300 метр «өлүм торлору» чыгарылды
12-май 2026, 11:21
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору май майрамдарында күнү-түнү рейдге чыгып, жаратылышка каршы жасалып жаткан экологиялык кылмыштарга каршы күрөштү улантышты.
Тактап айтканда, 1-майдан 10-майга чейин республика боюнча 125 рейддик иш-чара өткөрүлдү. Экологиялык жана техникалык коопсуздук багытында 137 мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 жана №172 Жарлыктарын, ошондой эле синтетикалык балык уулоочу торлорго тыюу салуу жөнүндө мыйзамды аткаруунун алкагында өлкөнүн суу сактагычтарынан мыйзамсыз торлорду чыгаруу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү.
10 күндүн ичинде суу түбүнөн чыгарылган мыйзамсыз торлор:
1. Ысык-Көлдөн — 3700 метр тор.
2. Токтогул суу сактагычынан — 2900 метр
3. Орто-Токой суу сактагычынан — 500 метр
4. Соң-Көлдөн — 300 метр
5. Киров суу сактагычынан — 1500 метр тор жана 300 кг таштанды
2026-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин инспекторлор тарабынан 46 300 метр эски синтетикалык тор жана 1060 кг таштанды суу түбүнөн чыгарылды.
Бул жөн гана сан эмес. Бул — балыктарды, суу жаныбарларын жана бүтүндөй экосистеманы унчукпай жок кылып жаткан “өлүм торлору”.
Ташталган синтетикалык торлор жылдар бою сууда калып, балыктарды жана башка тирүү жандыктарды өлтүрүүнү уланта берет. Ошондуктан алар “арбак торлор” деп аталат.
Суу биоресурстарын коргоо жана синтетикалык торлорго каршы жыл башынан бери жалпысынан 36 ири рейддик иш-чара өткөрүлүп, 416 658 сом өлчөмүндө айып пул жана доо өндүрүүлөр салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Ысык-Көлдү, Соң-Көлдү жана өлкөнүн бардык суу байлыктарын сактап калуу үчүн күрөшүн улантууда.
Табият сүйлөй албайт. Бирок бүгүн анын ордуна ушул сандар сүйлөп жатат.