Чүйдүн суу объектилеринен 1000 метр синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды

Чүй өрөөнү
Чүйдүн суу объектилеринен 1000 метр синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Чүй облусунун аймагында жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө балык уулоодо тыюу салынган синтетикалык торлорду колдонуу фактысы аныкталды. Аталган мыйзам бузуу боюнча жалпы суммасы 16 500 сомду түзгөн 3 административдик протокол түзүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз колдонулган жалпы узундугу 1000 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу торлор алынды.

Ошондой эле рейд учурунда мыйзамсыз аңчылык кылуу фактылары аныкталып, бул багытта дагы 3 административдик протокол түзүлдү. Мыйзам бузуучуларга жалпы 37 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.


Жалпысынан рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында 6 административдик протокол түзүлүп, салынган айып пулдардын жалпы суммасы 54 000 сомду түздү.