Климаттын өзгөрүшү көңүл борборунда: келечекти биргеликте калыптандыруу

Чүй өрөөнү
Климаттын өзгөрүшү көңүл борборунда: келечекти биргеликте калыптандыруу

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министри М. Машиев 2025-жылдын 4–5-апрелинде Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Самарканд эл аралык климат форумуна катышты.

Форум климаттын өзгөрүшү, туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн аймактагы жана дүйнөлүк коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди. Кыргыз Республикасынын делегациясын Президент С. Н. Жапаров жетектеди.

Форумдун алкагында М. Машиев «Климаттын өзгөрүшү көңүл борборунда: келечекти биргеликте калыптандыруу» темасындагы Жогорку деңгээлдеги диалогго катышып, сөз сүйлөдү. Диалогдо мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жогорку даражалуу өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.

Ошондой эле форумдун жүрүшүндө министр М. Машиев Монголиянын айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү боюнча министри Солдан Одонтуя айым менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Тараптар Монголияда орун алган негизги экологиялык чакырыктар — чөлгө айлануу, топурактын деградациясы жана суу тартыштыгы маселелерин талкуулашты. Солдан айым Борбордук Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган «Бир миллиард дарак» аттуу улуттук демилге жана таза технологияларга өтүү боюнча тажрыйба бөлүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин билдиришти. Кыргыз тарап Монголия делегациясын 2025-жылдын 24–25-апрелинде Бишкек шаарында өтө турган тоолор боюнча иш-чарага, ошондой эле ушул жылдын июнь айында өтө турган GSLEP Башкаруу комитетинин жыйынына катышууга чакырды. Өз кезегинде Солдан айым катышарын алдын ала ырастап, кыргыз делегациясын 2025-жылдын август айында өтө турган БУУнун Чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча Конвенциясынын Тараптар конференциясына чакырды