Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети абанын сапатын жакшыртуу боюнча комиссиянын курамын жаңылады
31-март 2025, 13:38

Кыргыз Республикасында атмосфералык абанын булганышы боюнча актуалдуу маселелерге жооп катары Министрлер Кабинети комиссиянын курамын өзгөртүп, жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча шашылыш чараларды кабыл алууну көздөйт.
Жаңы комиссия абанын сапатын жакшыртуу жана экологияны коргоо боюнча комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенет. Комиссиянын артыкчылыктуу милдеттеринин катарына абанын булганышын мониторингдөө, булгануунун себептерин талдоо, зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтуу үчүн заманбап технологияларды киргизүү жана калктын экологияны коргоонун маанилүүлүгү боюнча маалымдуулугун жогорулатуу кирет.
Мындан тышкары, зыяндуу заттардын абадагы деңгээлин жөнгө салуучу нормативдик актыларды иштеп чыгууга жана жогорку булгануу деңгээлине ээ аймактарда туруктуу өнүгүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлорду колдоого өзгөчө көңүл бурулат.
Буга чейин иштеген комиссия эки жылдык ишмердүүлүгүнүн алкагында 24 жыйын өткөрүп, белгилүү бир ийгиликтерге жетишкен. Бирок учурдагы чакырыктарга байланыштуу натыйжалуулукту жогорулатуу максатында кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү чечими кабыл алынды.
Комиссиянын жаңы курамы:
* Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — мекеме аралык комиссиянын төрагасы.
* Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри — мекеме аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
* Бишкек шаарынын отун-энергетикалык комплекс маселелери боюнча вице-мэри — мекеме аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
* Ош шаарынын мэри — мекеме аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Мекеме аралык комиссиянын мүчөлөрү:
* Ашимова Динара Ашимовна — «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын лидери;
* Маматалиев Марлен Абдырахманович — «Ынтымак» парламенттик фракциясынын лидери;
* Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
* Айдарбеков Чыңгыз Азаматович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
* Абакиров Эльдар Курманбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
* Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
* Самаков Кубанычбек Карганбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
* Бекешев Дастан Далабайевич — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
* Кыргыз Республикасынын финансы министринин, экономика министринин жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлары жана башка министрликтер менен ведомстволордун негизги өкүлдөрү.
Жаңы жетекчилик жана комиссиянын курамы жергиликтүү бийлик органдары, илимий мекемелер, экологиялык уюмдар жана жеке сектор менен тыгыз кызматташуу аркылуу өлкөдөгү абанын сапатын жакшыртуу боюнча натыйжалуу чечимдерди издөө үчүн активдүү иштөөгө даяр