Кыргызстандагы климат кандайча өзгөрүп турат?
14-сентябрь 2023, 11:08

Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүн талдоо жаатындагы эксперттери1901-2021-жылдар ичиндеги абанын орточо бир жылдык температурасы Кыргызстан боюнча орто эсеп менен жылына 0,013°С ылдамдык менен өсө тургандыгын белгилешет. Башкача айтканда өткөн кылымдын башынан тарта Кыргызстандагы орточо температура 1,6°Сга жогорулаган.
1976-2021-ж., мезгил аралыгындагы 46 жылдын ичинде өсүү ылдамдыгы дээрлик 2 эсеге жогорулады жана жылына 0,022°Сны түзөт.
Бүт өлкө боюнча өсүүнүн өтө чоң эмес темпи жылдын биринчи жарымында байкалат, өзгөчө март жана февраль айларында температура тез жогорулайт.
Мындан тышкары ысык толкундардын жана өзүнчө ысык күндөрдүн санынын жана жалпы узактыгынын көбөйүүсү өзгөчө
Кыргызстандын өрөөндүү аймактарында белгиленип,
вегетациялык мезгилдин көбөйүүсү байкалат. Жалпысынан өлкө боюнча жылдык жаан-чачындын суммасы бир аз өзгөрөт.
Үстүбүздөгү жүз жылдыктын ортосунда (2050-2060-ж.) Кыргызстандагы орточо температура 4,5°Cга жогорулашы мүмкүн.
Климатолог З. Кретованын маалыматтарынын негизинде даярдалды