“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркы
18-сентябрь 2025, 15:36
Кыргызстандын жаратылышын жана биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо максатында түзүлгөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркы – өлкөбүздүн экологиялык байлыктарынын бири болуп эсептелет. “Кан-Ачуу”мамлекеттик жаратылыш паркы 2015-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн № 630 Токтомунун негизинде түзүлгөн.
📌Парктын негизги максаттары:
✅ сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган фаунаны жана флораны коргоо;
✅уникалдуу жаратылыш комплекстерин сактоо;
✅ экологиялык билим берүү жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
✅ экотуризмди өнүктүрүү ж.б.
“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркында Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген - илбирс, күрөң аюу, сүлөөсүн, бүркүт, көк жору, таз кара, кумай ж.б. жаныбарлар, ошондой эле эндемик өсүмдүктөрдүн түрлөрү кездешет. Аймак уникалдуу флорасы жана фаунасы менен айырмаланып, Кыргызстандын биологиялык мурастарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.